ГАЗЛИ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗЛИ КЕНИ Өзбекстандын Бухара обл-ндагы газ чыккан жер. Кызыл-Кум чөлүндө. Аму-Дарыя нефть-газ бассейнине кирет. 1962-жылдан казып алынат. Бор мезгилинин 680–1180 м тереӊдикте жаткан кумдук, алевролит тектеринде топтолгон. Газдын алгачкы запасы 0,5 трлн м3дей. Казып алуу борбору – Газли ш. Уралга, Россиянын европ. бөлүгүнүн борборуна, Ташкент, Бишкек, Алматы ж. б. шаарларга газ куурлары жүргүзүлгөн.