ГАЗНЕВИДДЕР МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗНЕВИДДЕР МАМЛЕКЕТИ – 962-ж. Саманиддердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген мамлекет. 10–12-к-да өкүм сүргөн. Г. м-н түрк тилинде сүйлөгөн элдерден чыккан династия башкарган. Алп-Тегин өзүнө берилген мыкты гвардиясы – гулямдарга таянып, 962-ж. өзүн Газни ш-нын өз алдынча башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы б-ча жаӊыдан түзүлгөн мамлекет Г. м. деп аталган. Г. м. Себук-Тегиндин (977–997), айрыкча анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күч алган. Анын доорунда мамлекеттин курамына азыркы Афганистан, Иран м-н О. Азиянын айрым аймактары, Индиянын түн. ж-а түн.-батыш бөлүгү кирген. Өлкөнү башкаруу үчүн чыӊдалган мамл. аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн илим ж-а мад-тты өнүктүрүгө умтулушкан. Газневиддердин ак сарайында маанилүү ил. эмгектерди ж-а чыгармаларды жаратууга мыкты шарттар түзүлүп, Беруни, Бейхаки, Фирдоуси сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар, акындар жашаган. Г. м-нин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарды бүтүндөй бүлүндүрүп, калкты тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык Г. м-н начарлантып, жерг. элдердин каршылык көрсөтүүсүн пайда кылган. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамлекет ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин газневиддердин карамагында азыркы Афганистан м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-кдын 70-жылдарында Гуриддер газневиддерге катуу сокку урган, аларды Түн. Индиядан сүрүп чыгарып, 1186-ж. Г. м-нин акыркы бийлөөчүсү Хосров-Маликтин тушунда [1160–86 (же 1187)] Түн. Индиядагы Лахорду тартып алган. Ушундан соӊ Г. м. ж-а династиясы толук жоюлган.
Ад.: Босворт К. Э. Мусульманские династии/Пер. П. А. Грязневича. М., 1971; Абдул-Фазл Бейхаки. История Масуда/Пер. А. К. Арендса. Изд. 2. М., 1969.