ВАРЯГДАР
ВАРЯГДАР – скандинавдарга (норманндарга) байыркы орустар менен византиялык гректер берген ат. 9-кылымда княздар (конунгдар) баштаган Варягдардын кошуундары Чыгыш жана Батыш Европага, ошондой эле Руска жапырып кирип, жергиликтүү калкты талап турган. 9–11-кылымдарда Варягдар чыгыш славян княздарына жалданып кызмат кылышып, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен.