ВАСИЛЬЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИЛЬЕВ́ЛЬЕВ Владимир Яковлевич [15 (28). 6. 1907, Киев – 3. 4. 1977, Фрунзе] – режиссёр, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Москвадагы театр студиясын (1924–1927), ГИТИСти (1930–1935) бүтүргөн. В. Васильевдин өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз театр өнөрү менен . Ал улуттук музыкалык театр менен

опера искусствосунун өнүгүшүнө режиссёр жана педагог катары салым кошкон. В.  Я. Васильев дүйнөлүк, орус жана кыргыз авторлорунун 30дан ашык спектаклин койгон. Алар: «Алтын кыз» (1936), «Айчүрөк» (1939), «Манас» (А. Куттубаев менен бирге, 1946), «Карганын маткеси» (1950), «Риголетто» (1953), «Аида» (1960), «Оптимисттик трагедия» (1965), «Белгисиз солдат» (1967) жана башкалар. Эки Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.