ВАСНЕЦОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСНЕЦО́В Виктор Михайлович [3 (15). 5. 1848, Вятск губерниясы, Лопьял кыштагы – 23.7.1926, Москва] – орус сүрөтчү-живописчиси, архитектор. И. Н. Крамскойдон (1867–68) Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868–75) таалим алган. 1893-жылы Академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-жылдан Москвада жашаган. Русь көркөм өнөрүн кайра

В. М. Васнецов. «Баатырлар». Мамлекеттик орус музейи.

жаратуу коомун уюштуруучулардын (1915) бири. Алгачкы чыгармаларында («Тилемчилик», 1876; «Согуштук телеграмма», 1878, Третьяков галереясы) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар менен жомокторго арналган чыгармалар жараткан. «Алёнушка» (1881), «Карышкыр минген ханзаада Иван» (1889), «Баатырлар» (1881–98), «Падыша Иван Васильевич Грозный» (1897) ж. б. эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эӊсеген идеалдар менен ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. Васнецов Москвада тарых музейи үчүн «Таш доору» (1883–85) аттуу монументтүү панно жасаган. Элдик жомок темасында иштөөнү улантып, «Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы» (1918), «Өлбөс Кащей» (1917–26) деген чыгармаларды жараткан. Васнецов портретчи катары да белгилүү. Москвада анын үй-музейи бар (1986).


Ад.: Моргунов Н., Моргунова-Рудницкая Н. В. М. Васнецов. М., 1962.