ВАРАХША

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРАХША – орто кылымдарга (7–11-кылымдар) таандык шаар калдыгы. Бухара (Өзбекстан) шаарынын батыш тарабында (40 км), Зеравшан дарыясынын жээгинде жайгашкан. Аянты 100 гадай. Варахша Согду мамлекетинин өнүккөн шаарларынын бири болгон. 1937, 1949–54-жылдары В. А. Шишкин жетектеген экспедиция археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, чеп, хан сарай, турак жайлар табылган. Бул архитектуралык эстеликтердин ичинен хан сарай өзгөчө орунду ээлейт. Коргондолгон хан сарай шаардын бийик жеринен орун алган. Коргондун бийиктиги 15 м, туурасы 5 м. Хан сарайдын «Чоӊ чыгыш залы» (11х15 м) жана «Кызыл залы» (7,8512 м) өзгөчө жасалгаланган. «Чоӊ чыгыш залында» падышанын тактысы коюлган. Бөлмөнүн дубалына падышалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Биринде канаттуу төө үстүнө орнотулган такта кылыч кармап отурган падыша тартылган, ошону менен катар эле падышанын, канышанын, канзааданын көӊүл ачуу мезгили, ал эми «Кызыл залында» укмуштуу айбандар менен кармашкан баатырлар, пилчен аскерлер, ошондой эле согуш, аӊчылык учурлары ж. б. чагылдырылган. Бул көркөм археологиялык эстелик Орто Азия элдеринин орто кылымдарда бийик деӊгээлдеги маданиятка ээ болгонун ырастайт.