ВАСИЛЕВСКАЯ
ВАСИЛЕ́ВСКАЯ Ванда Львовна (21.1.1905, Краков –29.7.1964, Киев) – поляк жазуучусу, коомдук ишмер, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1943, 1946, 1952). Краков университетин бүтүргөн (1927). Поляк тилинде жазган. Ал – «Күндүн келбети» (1934) повестинин, «Ата журт» (1935) романынын автору. «Суу үстүндөгү ыр» («Саздагы жалын», 1940; «Көлдөгү жылдыздар», 1945; «Дарыялар алоолойт», 1951) үчилтигинде буржуазиялык Польшадагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүн чагылдырган. «Көк желе» (1942) повестинде адамдардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин сүрөттөгөн. Василевская 1940–64-жылы СССР Жогорку Советинин (1–6-шайланышы) депутаты, Бүткүл дүйнөлүк тынчтык советинин мүчөсү болгон. Ленин ордени жана медалдар м-н сыйланган.
ВАСИЛЕВСКИЙ
ВАСИЛЕВСКИЙ Александр Михайлович [18 (30). 9. 1895, Кострома губерниясы, Кинешемск уезди, Жаны Гольчиха кыштагы – 5. 12. 1977, Москва] – советтик аскер ишмери, Советтер Союзунун Маршалы (1943), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945). Кострома диний семинариясын (1914), Алексеев аскердик окуу жайын (1915), Генштаб аскер академиясын (1937) бүтүргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта взвод, рота командири, штабс-капитан. 1917-жылы демобилизацияланган. 1918–19-жылдары граждандарды аскерге даярдоо системасында инструктор, андан кийин Тула губерниясынын Новосильск уездине караштуу Верховье жана Подьяковлево кыштактарында мугалим, 1919-жылдын апрель айынан Кызыл Армиянын катарында. 1917–22-жылдары граждандык согуш мезгилинде взвод, рота, батальон командири, полк командиринин жардамчысы, 1920-жылдардагы совет-поляк согушунун катышуучусу, 1920–36-жылдары Кызыл Армиянын курамында командалык жана штабдык кызматтарда. 1936-жылы күзүндө Генштабдын Аскер академиясына кабыл алынган 1940-жылдан Генштабдын оперативдик башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1941-жылдын августунан Генштабдын начальнигинин орун басары – оперативдик башкармалыктын начальниги, 1942-жылдын июнунан Генштабдын начальниги, октябрь айынан бир эле учурда СССР Коргоо эл комиссарынын орун басары, Жогорку Башкы командачынын тапшырмасы боюнча Сталинград (1942–43), Курск (1943) салгылаштарында ж. б. бир катар ири согуштук операцияларды координациялаган. 1945-жылы февралдан Жогорку Башкы командачынын Ставкасына киргизилип, 3-Белорус фронтунда командачы. Ал Чыгыш Пруссияны жана Кёнигсберг шаарын алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзгөн. 1945-жылы совет-япон согуш учурунда Ыраакы Чыгыштагы советтик аскерлерге Башкы командачы болуп, япондук Квантун армиясын талкалоого катышкан. 1946-жылдан Генштабдын начальниги, СССРдин Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, биринчи орун басары, 1949–53-ж. Куралдуу Күчтөр министри, 1953–56-жылдары СССР Коргоо министринин биринчи орун басары, 1956–57-жылдары Коргоо министринин аскер илими боюнча орун басары болуп иштеген. 2 Жениш, 8 Ленин, 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.
