ВЕНД СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
, в е н д м е з г и л и (байыркы славян урууларынын атынан) – протерозойдун эӊ үстүнкү стратиграфиялык бөлүмү, рифейден кийин, кембрийдин башталышына туура келет. В. с-н түзгөн чөкмөлөрдүн пайда болуусунун убактылуу чеги радиологиялык ыкма м-н аныкталат (600–535 млн жылдар аралыгында). Жалпысынан венд мезгили 65 млн жылга созулган. Алгач 1952-ж. Б. С. Соколов Балтика бою аймагынан Чыгыш Европа платформасынын батышында кембрийге чейинки терригендик курамдагы чөкмө тектердин комплекси катары өзүнчө бөлгөн. Россиянын европалык бөлүгүндө В. с. 2 бөлүмгө (жогорку ж-а төмөнкү) ж-а 4 горизонтко же яруска (астынан үстүн карай) бөлүнөт: лапландия (континенттик мөӊгү чөкмөлөрү – тиллиттер ж-а маринагляциалдык чөгүндүлөр), редкин, котлин ж-а ровно (курамында кумдук, алевролит ж-а аргилиттер басымдуу; редкин горизонту – жанар тоо күлүнүн бир нече катмарын камтыйт). Системанын бөлүкчөлөрүнө мезгилдин бөлүктөрү, мис., бөлүмгө – доор (алгачкы венд ж-а соӊку венд), горизонтко (яруска) – кылым туура келет. Лапландия горизонтунун чөгүндүлөрү негизинен платформанын соӊку кембрийге чейинки авлакогендеринде топтолгон. В. с-нын үстүнкү бөлүгүнүн горизонттору (редкин, котлин ж-а ровно) кратондун кеӊири аймагында таралып, рифей чөгүндүлөрүн, о. эле архей м-н алгачкы протерозой фундаментинин кристаллдуу тектерин жаап жатат. Венд мезгилинде көп клеткалуу скелетсиз организмдер (эдиакария) фаунасы, о. эле моллюскага ж-а муунак буттууларга окшоштор өнүккөн. Тайыз деӊиз түбүн айрым кыймылдуу ж-а бир жерди жердеген организмдер мекендеп, алар алп мүчөлүү (кээ бирининин уз. 1 мден ашкан) болушкан. Вендотенид ж-а эдиакария фитопланктондору негизинен муздак суу бассейндеринде жашаган. Жылуу суу бассейндеринде (карбонаттуу) цианобактерия түркүмдөрү басымдуулук кылган. Вендде минералдык скелеттеги организмдер, негизинен ичеги көӊдөйлүүлөр (карбонат скелетүү майда полиптер) пайда болгон. Венд мезгилинин аягында организмдер (негизинен эдиакариялар) катуу сууктан ж-а байкоӊур муз каптоосунун натыйжасында тайыз бассейндердин аянтынын кичирейишинен жок болгон. В. с-на стратиграфиялык Чыгыш Сибирь юдома сериясы, Түш. Кытай синий сериясы, Түш. Африкадагы Нама сериясы (Намибияда), Канададагы Консепшен тобу (Ньюфаундленддеги Авалон ж. а.), Британ а-ндагы чарнок сериясы ж-а Түш. Австралиядагы эдиакария системасы кирет. Венддин башталышында түш. Жарым шардагы платформалар (Түш. Америка, Африка-Арабия, Индстан, Австралия, Антарктида) Гондвана суперконтинентинин курамында болгон. Гондва м-н түн. жарым шардагы платформалардын (Түн. Америка, Чыгыш Европа, Сибирь) кыска убакытка биригишинен венд суперконтинети – Паннотия пайда болгон (аны 1995-ж. амер. геолог С. Пауэлло өзүнчө бөлгөн). Паннотиянын бөлүнүп бузулуусунан Гондвана түн. платформалардан ажырап, палеозойдун башталышында анын фундаменти биротоло Венд мезгилинде климат кыйла муздап, эки жолу [лапландия же варангер (венддин башталышы) ж-а байкоӊур (венддин аягы)] муз каптаган. Жер шарында соӊку рифейдин аягында байкал бүктөлүүсүнө дуушарланган жерлерде Чыгыш Европа, Сибирь платформанын чет жакаларындагы тоо этектериндеги ийилүүлөрдө ж-а тоо аралык ойдуӊдарда моласстар топтолгон. В. с-нын катмарлары м-н Урал-Охота кыймылдуу алкагындагы, Түш. Кытай платформасындагы, (Азия фосфориттүү провинциясы) байыркы фосфорит кендери, о. эле Сибирь (Лена-Тунгуска нефть-газ провинциясы), Чыгыш Европа, Баренц-Печора, Кытай-Корей, Түн. ж-а Түш. Америка, Африка платформасындагы нефть ж-а күйүүчү газ кендери байланыштуу. Теӊир тоодогу мурсаш ж-а жетим тоо сериялары В. с-на туура келиши мүмкүн. Жетим сериясынын курамында Жетим темир бассейни ж-а Кум-Төр алтындуу кырчоосу жатат.

Ад.: Вендская система: Историко-геологическое и палеонтологическое обоснование. М., 1985. Т. 1: Палеонология. Т. 2: Стратиграфия и геологические процессы; Соколов Б. С. Очерки становления венда. М., 1998. Сагындыков К. С., Судоргин А. А. Жетимский Железорудный бассейн Тянь-Шаня. Ф., 1984.