ВЕНЕЦИАНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 23 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНЕЦИА́НОВ Алексей Гаврилович [7(18).2.1780, Москва – 4(16).12.1847, Тверь губерниясы, Поддубье кыштагы] – орус сүрөтчүсү; орус живописиндеги турмуштук жанрга негиз салуучулардын бири, педагог, Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). Алгачкы мезгилде лирикалык портреттерди, 1812-жылдагы дүйнөлүк согуш учурунда француз жана галломан дворяндарынын карикатураларын, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын портрет-

А. Г. Венецианов.
«Карта менен төлгө салуу». 1845. Орус музейи (Санкт-Петербург).

терин тарткан («Кызылча тазалоо», 1822; «Помещик аялдын таӊы», 1823–24;
«Кош айдоо. Жаз», 1820; «Орок оруу. Жай», 1820; «Карыя дыйкандын башы», 1825, ж. б.). Венецианов өз чыгармачылыгында чындыкты чагылдырууга умтулган. Анын өнөрканаларында «түп нускалардан» көчүрүшкөн жана гипстен тартышкан. Венецианов окуучуларын академиялык класстарда бекер окуткан. 70ке жакын живописчилерди, башкача айтканда венециановчуларды тарбиялаган.