ГАЛЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ЛЛИЯ (лат. Gallia) – Европадагы тарыхый аймак. Азыркы Түн. Италияны, Францияны, Люксембургду, Бельгияны ж-а Нидерланд м-н Швейцариянын бир бөлүгүн камтыган. Б. з. ч. 6-к-дан Г-ны кельттер мекендеп, римдиктер аларды галлдар деп аташкан («Галлия» ушундан чыккан). Римдиктер б. з. ч. 220-ж. ч. По д. м-н Альпынын аралыгындагы жерлерди каратып, римдик провинцияга (Цизальпы Г-сы) айландырган. Б. з. ч. 58–51-ж. Цезарь Г-нын калган бөлүгүн басып алып, мында 4 римдик провинция (Нарбонн Г-сы, Лугдун Г-сы, Аквитания ж-а Белгика) түзүлгөн. Б. з. 3-к-нын орто чендеринде Рим империясынын ички ж-а тышкы абалынын оорлошуна байланыштуу анын курамынан 258-ж. Г., о. эле Британия ж-а Испания бөлүнүп чыгып, Постум жетектеген өз алдынча империя түзүлөт. Г. империясы 15 жыл өз алдынча мамлекет катары жашап, анын акыркы башкаруучусу Тетриктин (270–273-ж. башкарган) тушунда өлкөдө башталган аскерлердин көтөрүлүштөрү мамлекеттин кыйроосуна алып келип, ал өзү император Аврелианга багынып берип, Г. Рим империясына кайра кошулган. Варварлардын Г-га басып киришинин натыйжасында Рейнде 406-ж. Бургунддар мамлекети түзүлгөн. Мына ушундан кийин герман уруулары Г. жерин улам басып ала берген да, франк королу Хлодвиг 486-ж. Г-ны Франк мамлекетинин курамына толук караткан.