ГАМИЛЬТОН Канададагы шаар
ГА́МИЛЬТОН – Канададагы порт шаар. Онтарио көлүнүн жээгинде, чек арага жакын жайгашкан. Калкы 579 миӊ (2011, шаар айланасы м-н). Ири өнөр жай ж-а маданий борбор. Жолдор тоому. Порт аркылуу 12 млн т жүк ташылган (2005). Эл аралык аэропорту бар. Кара металлургия (өлкөдөгү эритилген болоттун 50%ине жакыны), машина куруу, хим., тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Ун-т, сүрөт гал., музейлер бар. Король ботан. багы уюшулган.