ГАМЛЕТ
ГА́МЛЕТ (Hamlet) – У. Шекспирдин аты окшош трагедиясынын каарманы. Г-тин ысмы ички дүйнөсү карама-каршы, олку-солку адамды мүнөздөөчү сөз катары колдонулат. «Гамлетизм» конкреттүү коомдук жагдайга жараша эрки боштуктан максаттуу чечкиндүүлүккө чейинки маанини түшүндүрөт.