ГАННИБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАННИБА́Л, А н н и б а л Б а р к а (б. з. ч. 247 же 246, Карфаген – б. з. ч. 183, Вифиния) – Карфаген аскер башчысы ж-а мамл. ишмери. Гамилькар Барканын уулу. Атасынын согуштарына, кийин жездеси Гасдрубалдын Испания м-н болгон уруштарына катышкан. 225-жылдан Испанияда карфагендик атчандардын командачысы. 221-ж. (Гасдрубал курман болгон соӊ) жоокерлердин талабы б-ча Карфаген армиясынын башкы командачысы. 219-ж. Г. Римдин союздашы Сагунт ш-на кол салган. Бул чынында 2-Пуни согушуна (218–201) алып келген. Г. 218-ж. аскерлери м-н Альпыдан өтүп, Цизальпы Галлиясына ж-а Италияга кирип, Тицин, Треббия өзөндөрүнүн (218), Тразимен

көлүнүн (217) жанында душманга катуу сокку урган. 216-ж. Г-дын аскери Каннда чоӊ жеӊишке жетишкен. 212-жылдан римдиктер күч алып, Сицилия, Испания, Италияда бир нече жолу жеӊишке ээ болгон. 211-ж. Карфагенди басып алган. Жардамга келаткан бир тууганы Гасдрубал Метаврдын жанында талкалангандан кийин (207), Г. өтө алсыраган. Зама ш-нын жанында Г-дын аскери толук талкаланып (202), Карфаген жеӊилген (201). Согуштан кийин Г. суффет (мамл. жогорку бийлик) болуп дайындалып, Карфагенди башкарган. Жаӊы согушка даярдык көрүп жатат деп шектенген римдиктердин кысымынан Г. 195-ж. Сирия падышасы Антиох IIIгө качып барып, аскер кеӊешчиси болгон. Рим м-н болгон согушта (192–188) Антиох IIIден жеӊилип, римдиктер Г-ды кармап берүүсүн талап кылганда Г. Арменияга, кийин Вифинияга барып жашырынган. Римден корккон Вифиния падышасы Пруссий кармап бермек болгондо, уу ичип өлгөн. Г. – байыркы дүйнөнүн ири аскер башчылардын бири. Римден жеӊилип калса да, Г. согуш иск-восунун тарыхында олуттуу из калтырган.