ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 14 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ – кандайдыр физикалык чоӊдуктун убакыт ичинде синус же косинус закондору м-н өзгөрүшү. Ал эӊ жөнөкөй термелүүлөр болуп эсептелет. Механикалык термелүүдө Гармониялык термелүү жылыш аралыгы x=Asin(wt+􀁍) же x=Acos(wt+􀁍) теӊдемеси м-н туюнтулат. Мында x – убакыттын берилген t моментинде термелүүчү чоӊдуктун мааниси, A – термелүү амплитудасы, (wt+􀁍) – термелүү фазасы, w – айлануу же циклдик жыштык, 􀁍 – баштапкы фаза. Графикте Г. т. синусоида же косинусоида м-н мүнөздөлөт. Ал серпилгичтүү же ага окшош өзгөрүүчү күчтөрдүн аракети м-н дайыма теӊ салмактуу абалдын айланасында болот. Гармониялык термелүү – түрдүү формадагы термелүүлөрдүн эӊ маанилүүсү.