ГАРРИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РРИК Дэйвид (19. 2. 1717, Херефорд – 20. 1. 1779, Лондонго жакын Элтрон) – актёр, театр ишмери, драматург, сынчы. Чыг-лыгын спектаклдерге сын макалаларды жазуудан баштаган. Актёр катары «Гудменс-Филдс» театрында пантомимада Арлекинонун ролунда сыналган. Ричард IIIнүн ролун аткаруу м-н Англиядагы алдыӊкы актёрлордун катарына кошулган. «Друри-Лейн» театрында да атактуу ролдорду ойногон: Король Лир ж-а Гамлет (1742), Макбет (1744). Францияга ж-а Италияга саякатынан кийин Европага атагы чыккан. Иск-вону жогору баалаган, атактуу агартуучулардын (Дидро, Гольбах, Гримм) сахна иск-восундагы теор. иштерин үйрөнгөн. Г-тин сөөгү Вестминстер аббаттыгында, Шекспирдин бюстунун түбүнө коюлган.