ГАРСИЯ ЛОРКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРСИ́Я ЛОРКА́ Федерико (5. 6. 1898, Фуэнте-Вакерос – 19. 8. 1936, Виснар) – испан акыны, драматург, музыкант, сүрөтчү-график. 1915–23-ж. Гранада ун-тинде окуган. 1929–30-ж. АКШда, Кубада болгон. Анын таасирлери м-н «Акын Нью-Йоркто» (1940) аттуу ыр жыйнагын жазган. Драмалык чыгармаларында («Мариана Пинеда», 1925) сүйүүнү даӊктап, өлүмдү жектеп, зулумдукту ашкерелеген. «Кан төгүлгөн той» (1933), «Иерма» (1934), «Бернарда Альбанын үйү» (1936) аттуу драмалык чыгармалардын автору. Г. Л-нын каармандары эскиликке каршы аёосуз күрөшкөн. Испания респ. болуп жарыяланганда (1931), өз өлкөсүнүн алдыӊкы акын-жазуучуларынын катарына кошулган. 1936-ж. фашисттер тарабынан атылган. «Бернарда Альбанын үйү» драмасы Т. Абдымомунов атн. Кыргыз улуттук драма театрында, «Өтүкчүнүн өктөм аялы» драмасы Ош мамл. драма театрында коюлган. Ырлары кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн.
Чыг.: Бернарда Альбанын үйү. «Ала-Тоо», 1984, ¹12; Гитара: ырлар. Ф., 1982.
Ад.: Осповат Л. Гарсиа Лорка. М., 1965; Силюнас В. Федерико Гарсиа Лорка: драма поэта. М., 1989; Франсиско Гарсиа Лорка. Федерико и его мир. М., 1987.