ГАУДИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́УДИ́ (Гауди-и-Корнет) Антонио (26. 6. 1852, Таррагона провинциясы, Реус – 10. 6. 1926, Барселона) – испан архитектору. 1868-жылдан Барселонада жашаган. Арх-ранын жогорку тех. мектебинде окуган. Г. курулуштарда (Саграда-Фамилия чиркөөсү, 1884–1926) арх-ралык формалардын кооздугуна ж-а таасирдүүлүгүнө жетишкен. Гуэль паркындагы курулмалар ан-

А. Гауди. Барселонадагы Каса-Батльо имаратынын
көрүнүшү. 1904–06.

самбли (1903–08), «модерн» стилиндеги үйлөр (Каса Батльо, 1904–06; Каса Мила, 1905–10) жаӊычыл конструкциялуу курулуштары (параболалык аркалар, жантык таянычтар, оӊтойлуу своддор) м-н укмуштуудай чоң таасир калтырган.