ГАЛЕРЕЯ
ГАЛЕРЕ́Я (фр. galerie) – 1) бир жак капталы бүтүндөй колонналардан (түркүктөрдөн) турган төбөсү жабык узун имарат; узун балкон; 16-кылымдын 1-жарымында, айрыкча барокко доорунда

– Ж. Л. Бернининин «Прозерпинаны уурдоо» статуясы. Мрамор. 1621–22.
Галереянын бир жак керегеси бүтүндөй айнектелген жаӊы түрү пайда болгон; 2) сүрөт Галереясы – сүрөттөрдүн туруктуу көргөзмө жайы; 3) театр залынын жогорку ярусу (галёрка); 4) көптөгөн сүрөт музейлеринин аталышы (Улуттук галерея, Сүрөт галерея); 5) өтмө маанисинде – узун катар, тизмек.