ГВАДИАНА
ГВАДИА́НА – Испания м-н Португалиядагы дарыя. Уз. 820 км, алабынын аянты 68 миӊ км2. Ла-Манча платосунан башталып, көбүнчө Жаӊы Кастилия бөксө тоосундагы кууш ж-а тереӊ өрөөн аркылуу агат да, Атлантика океанынын Кадис булуӊуна куят. Орт. чыгымы 80 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Ири Сихара суу сактагычы, ГЭС курулган. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Бадахос ш. (Испания), чатында Вила-Реал-ди-Санту-Актониу (Португалия) порту жайгашкан.