ГАНДИ Ражив

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:17, 14 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГАНДИ to ГАНДИ Ражив) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́НДИ Ражив (20. 8. 1944, Бомбей, азыркы Мумбай – 21. 5. 1991, Шри-Перумбудур) – Индиянын саясий ж-а мамлекеттик ишмери. Индира Гандинин уулу. Индиянын ж-а Англиянын (Кэмбриж) университеттеринде билим алган. 1980-жылдан Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясынын жаштар канатынын жетекчиси. 1981-жылы Индия парламентинин Элдик палатасына шайланган. 1983–84-жылдары ИУКтун Генералдык секретары, 1984-жылдан төрагасы. Индира Гандинин өлүмүнөн кийин 1984–88-жылдарда Индиянын премьер-министри; ошол эле мезгилде

тышкы иштер министри кызматтарын аткарган. Энеси Индира Гандиден айырмаланып, мамлекеттик секторго караганда жеке секторду, рынок мамилелерин өнүктүрүүнү колдогон. 1985-жылы май айында атайын визит м-н Кыргызстанда болгон. 1990-жылы анын партиясы шайлоодо жеӊилген. Террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн.