ГВОЗДЕЦКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГВОЗДЕ́ЦКИЙ Николай Андреевич [2(15).12. 1913, Петербург – 10. 10. 1994, Москва] – физ. географ, геогр. илимд. доктору (1949), профессор (1951), коомдук ж-а РСФСРдин илимине эмг. сиӊ. ишмер (1974). МГУну бүткөн (1938). 1938–46-ж. советтик) армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1946–48-ж. Москва мамл. пед. ин-тунда, 1948-жылдан МГУда, 1959–87-ж. чейин ошол эле жерде кафедра башчысы болуп эмгектенген. Г. 600дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 50дөн ашыгы Кырг-ндын геогафиясы б-ча) ж-а карст ландшафтын окутуунун автору. Эмгектери карст ж-а ландшафт таануу, физ. геогр. райондоштуруу проблемаларына, Кавказ, О. Азия, Казакстандын, бир катар чет өлкөлөрдүн физ. географиясына арналган. ЖОЖдор үчүн окуу китептерди, хрестоматияларды түзгөн.
Эмг.: Карст. М., 1954. М., 1981; Физическая география Кавказа. М., 1954–1958. Вып. 1–2; Кавказ. М., 1963; Советские географические исследования и открытия. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968 (соавтор); Физическая география СССР. 3-е изд. М., 1969–1970. Т. 1–2 (соавтор); Основные проблемы физической географии. М., 1979; Горы. М., 1987 (соавтор); Карстовые ландшафты. М., 1988.