ГЕ
ГЕ Николай Николаевич [15 (27). 2. 1831, Воронеж – 1 (13). 6. 1894, азыркы Чернигов обл., Шевченко кыш.] – орус сүрөтчүсү, живопист, көчмө сүрөт көргөзмө шериктештигин түзүүчүлөрдөн. Санкт-Петербург көркөм сүрөт академиясында окуган (1850–57). Проф. (1864). Римде иштеген (1857–59). Иск-водо салтка айланган диний темаларды жаӊыча чечип, моралдык курч маселелерди чечкиндүү көтөргөн («Купуя кеч», 1863, Орус музейи, Ленинград). «Петергофто Пётр Iнин уулу Алексей Петровичти суракка алышы» (1871) эмгегинде айыгышкан эки тарыхый күчтүн кагылышын баяндап, кейипкерлердин ички

дүйнөсүн чагылдырат. 1880-жылдары Христостун кайгысы ж-дөгү сүрөттөр циклин тарткан («Чындык деген эмне?», 1890; «Голгофа», 1893, экөө теӊ Третьяков гал.). Анын эмгектери жөнөкөйлүгү, түстөрдүн ж-а композициялык чечилиштин ачык-айкындыгы м-н айырмаланат. Кээде скульптуралык чыгармаларды да аткарган.
Ад.: Порудоминский В. И. Н. Ге. М., 2000; Карпова Т. Н. Ге [Альбом]. М., 2001.