ГЕЙ-ЛЮССАК ЗАКОНДОРУ
ГЕЙ-ЛЮССА́К ЗАКОНДОРУ – г аздардын негизги закондору. 19-к-дын башында Гей-Люссак ачкан. 1) Газдардын жылуулуктан кеӊейүү закону: идеалдуу газдардын берилген массасынын көлөмү туруктуу басымда темп-ранын жогорулашына түз пропорциялуу кеӊейет. Ал изобара процесси деп аталат. Мында V1/V2=T1/T2 барабардыгы аткарылат. Эгерде Т2=273K(t=0°С) байланыштарын эске алсак: Т=t+273,15 t+ 273, анда закон төмөнкүдөй жазылат: V1= V0( 1+аvt), мында V0, V1 – газдын баштапкы ж-а акыркы темп-радагы көлөмдөрү, av – туруктуу басымда газдын көлөмүнүн жылуулуктан кеӊейүү коэфф-и. Ал бардык газдар үчүн бирдей. Закон идеалдуу газ үчүн так аткарылат. 2) Көлөмдүк катыш закону: туруктуу басымда ж-а темп-рада реакцияга кирүүчү газдардын көлөмү өз ара ж-а реакциядан кийин пайда болгон газдын көлөмүнө катышы бир бүтүн сан болот. Мис., 1 көлөм Н2 1 көлөм Сl2 м-н кошулганда 2 көлөм HCl пайда болот: H2 + Cl2 = 2HCl, б. а. көлөмдөрдүн катышы 1:1:2ге барабар. Бул закон атом-мол. теориянын түзүлүшү үчүн чоӊ роль ойногон ж-а Авогадро законунун ачылышына түрткү
берген.