ГЕЙ-ЛЮССАК ЗАКОНДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 19 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЙ-ЛЮССА́К ЗАКОНДОРУ – газдардын негизги закондору. 19-кылымдын башында Гей-Люссак ачкан. 1) Газдардын жылуулуктан кеӊейүү закону: идеалдуу газдардын берилген массасынын көлөмү туруктуу басымда температуранын жогорулашына түз пропорциялуу кеӊейет. Ал изобара процесси деп аталат. Мында V1/V2=T1/T2 барабардыгы аткарылат. Эгерде Т2=273K(t=0°С) байланыштарын эске алсак: Т=t+273,15 􀀣t+ 273, анда закон төмөнкүдөй жазылат: V1= V0( 1+аvt), мында V0, V1 – газдын баштапкы ж-а акыркы температурадагы көлөмдөрү, av – туруктуу басымда газдын көлөмүнүн жылуулуктан кеӊейүү коэффициенти. Ал бардык газдар үчүн бирдей. Закон идеалдуу газ үчүн так аткарылат. 2) Көлөмдүк катыш закону: туруктуу басымда ж-а температурада реакцияга кирүүчү газдардын көлөмү өз ара ж-а реакциядан кийин пайда болгон газдын көлөмүнө катышы бир бүтүн сан болот. Мисалы, 1 көлөм Н2 1 көлөм Сl2 м-н кошулганда 2 көлөм HCl пайда болот: H2 + Cl2 = 2HCl, б. а. көлөмдөрдүн катышы 1:1:2ге барабар. Бул закон атом-молекулалык теориянын түзүлүшү үчүн чоӊ роль ойногон ж-а Авогадро законунун ачылышына түрткү берген.