ГЕЙДЕЛЬБЕРГ АДАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЙДЕЛЬБЕ́РГ АДАМЫ – археол. казуулардан табылган эӊ байыркы адам. Анын ээк сөөгүн 1907-ж. немец антропологу О. Шётензак Германиянын Гейдельберг ш-на жакын жердеги Эльсенц д-нын боюнан тапкан. Алгачкы плейстоценге (б. з. ч. 400 миӊ жыл чен) таандык. Сөөктүн жанынан пил, жылкы, бизон, арстан ж. б. айбанаттардын сөөк калдыктары, таш куралдар да табылган. Г. а-нын ээк сөөгүнүн морфол. түзүлүшү адам түспөл маймылдарга окшош ж-а азыркы адамдардын жаак сөөгүнө да жакын. Айрым археологдордун пикири б-ча Г. а. питекантропко ж-а синантропко жакын.