ГАШЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 15 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ШЕК Ярослав (30. 4. 1883, Прага – 3. 1. 1923, Липнице) – чех жазуучусу, сатирик. 20-кылымдын баш ченинде анын жол очерктери, юмордук сүрөттөмөлөрү жарыялана баштаган. Кийинки жазылган социалдык мүнөздөгү сатиралык аӊгеме, фельетондорунда аскердик бийлик м-н буржуазиялык мамлекеттик аппараттын бюрократизмин, моралын, маданиятын, диний ырым-жырымын ашкерелеп, элдин оор турмушун көрсөткөн. 1915-жылы Австрия-Венгрия армиясына чакырылып, көп узабай орус аскерлерине туткунга түшкөн. 1916-жылы Россиядагы чехословакиялык аскер бөлүктөрүндө кызмат кылган, аскер журналисти болуп иштеген. 1920-жылы ата-журтуна келип, чыгармачылыгын уланткан. «Эргул жоокер Швейктин дүйнөлүк согуш мезгилинде башынан өткөргөндөрү» (1921–23) романында эл турмушунун реалисттик көрүнүштөрү курч сатиралык гротеск м-н эриш-аркак берилген. Роман 30га жакын жолу экрандаштырылган. Чехословакияда Гашектин музейи (Липницеде) ачылган.


Чыг.: Собр. соч. т. 1–5. М., 1966.