ГЕЛЬМИНТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛЬМИНТОЛО́ГИЯ (гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а ...логия) – мите курттар (гельминттер) ж-а алар козгоочу оорулар (гельминтоздор) ж-дөгү илим. Г. көпчүлүк биол. илимдер (зоология, медицина, ветеринария ж-а фитопатология) м-н тыгыз байланышта. Ал теор. ж-а колдонмо маселелерди камтыйт. Теор. маселелерге гельминттердин тарыхый өөрчүшүн, морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, алардын биол. ж-а экол. өзгөчөлүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүндө ээлеген ордун, таралышын, адамга, айбандарга ж-а өсүмдүктөргө тийгизген таасирин изилдейт. Колдонмо Г. гельминтоздордун клиникасын, диагноздоо методдорун үйрөтөт, эпидемиологиясын ж-а эпизоотологиясын изилдеп, анын негизинде гельминтоздорду алдын алуу, дарылоо иш-чараларын иштеп чыгат. Негизги бөлүмдөрү: жалпы (гельминттердин фаунасын, систематикасын, биол. циклин ж. б. изилдейт); мед., вет., агрономиялык Г. же фитогельминтология. Г-нын өсүшүнө К. И. Скрябиндин ж-а анын мектебинин салымы чоӊ.
Ад.: Скрябин К. И., Шульц Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940.