ГЕРАКЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРА́КЛ (Геркулес) – грек мифологиясындагы каарман, Зевс м-н Алкменанын уулу. Г-дин эрдиктери ж-дө көп уламыштар бар. Алардын эӊ белгилүүсү Г-дин 12 эрдиги: немей арстанын, жети баштуу лерней ажыдаарын, эриманф жапайы каманын, стимфалий желмогуз куштарын өлтүргөн, падыша Диомеддин аттарын ж-а кериней бугусун кармаган, амазонкаларды жеӊип, алардын ханышасы Ипполитанын курун алган, үч баштуу дөө Гериондун өгүздөрүн айдап кеткен, Гесперид багынан алтын алмаларды алып келген, тозок дөбөтү Церберди уурдап, крит букасын жеӊген ж-а Авгий атканасын тазарткан. Башка уламыштар б-ча Антейди жеӊген, Прометейди бошоткон, о. эле кентаврлар м-н салгылашкан, д. у. с. көп эрдиктерди көрсөткөн. Грек эли Г-ди абдан кастарлаган, италиялыктар Геркулес деп урматтаган. Антикалык доордогу авторлордун чыгармаларында («Илиада»; Софокл, «Трахиниялык аялдар»; Еврипид, «Геракл» ж. б.), пластикада, кийин жаӊы живописте (П. Веронезе, П. Рубенс, Г. Рени, Я. Тинторетто ж. б.) Г. ж-дөгү ар кандай мифтердин варианттары чагылдырылган.