ГЕНЕРАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕРА́Л (лат. generгlis – жалпы, башкы дегенден) – Куралдуу Күчтөрдүн жогорку башкаруучу курамына тиешелүү аскердик наам же чин. Г. чини 1-жолу 16-к-да Францияда пайда болгон. Рев-яга чейин орус армиясында Г.-майор, Г.-лейтенант, инфантерия (жөө аскер) Г-ы, атчандар Г-ы, артиллерия Г-ы, инженер-генерал, Г.- фельдмаршал деген чиндер болгон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы б-ча (1940-ж. 7-май) Сов. Армияда Г.-майор, Г.-лейтенант, Г.-полковник, армия Г-ы деген наамдар, о. эле куралдуу күчтөрдүн тиешелүү түрүнө карай бул наамдарга кошулуп айтылчу кошумча аталыш (мис., авиациянын Г.-майору) белгиленген. КРде Г.-майор, Г.-лейтенант, Г.-полковник, армиянын Г-ы деген наамдар сакталган. Бул наамдар КРдин Президентинин Указы м-н ыйгарылат.