ГЕНЕРАЛДЫК ПЛАН
ГЕНЕРАЛДЫК ПЛАН, г е н п л а н – 1) шаарды өстүрүүнүн илимге негизделген келечек планы, шаар куруунун башкы документи. Г. п-дын негизинде шаар пландоонун конкреттүү долбоорлору түзүлөт, к. Шаар курулушу; 2) өнөр жай ишканаларынын Г. п. – өнөр жай ишканаларын долбоорлоонун маанилүү тармактарынын бири. Мында аймакты абат кылууну, имараттарды, транспорт коммуникацияларын, өнөр жай ишканаларын ж. б. жайгаштырууну пландоо маселелери каралат.