БЕЗГЕК
БЕЗГЕК – безгек чиркейинин митеси – плазмодия пайда кылуучу жугуштуу оору. Плазмодиялар оорулуунун канында жашайт. Аны француз врачы А. Лаверен ачкан (1880). Безгек орулуу адамдан соо кишиге анофелес чиркейи аркылуу жугат. Чиркей оорулууну чагып, канын соргондо аны менен кошо плазмодияларды сорот. Чиркейдин ичине кирген мите көбөйүп, соо кишини чакканда козгогучтар анын шилекейи менен адамдын организмине кирет. Ал кан менен боорго келип, андан кайра канга өтүп, эритроциттерди бузат, натыйжада кызыл кандын көлөмү азайып, анемия пайда болот. Безгекти ооруп айыккан киши да жуктуруусу мүмкүн, себеби козгогуч канда узакка чейин сакталат. Пристубунун узактыгы козгогучтун түрүнө жараша 6–36 с созулат. Оору капысынан катуу башталат, башы ооруп, чыйрыгып, калтырап титирейт, дене темп-расы 40–41°ка көтөрүлөт, кээде башы айланып кусат. Оору 3–4 жума созулат. Дарылоону ооруканада врач жүргүзөт. Безгектин алдын алуу үчүн чиркейдин көбөйүшүнө жол бербей, оорулууну эрте таап дарылоо, сазды кургатуу, безгек чиркейи кыштоочу жерлерге ДДТ, гексохлоран чачуу ж. б. чаралар жүргүзүлөт.