ГИССАР МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИССАР МАДАНИЯТЫ – Тажикстандын түш. батышындагы Кафирниган ж-а Вахш өрөөндөрүндөгү соӊку неолит дооруна таандык (б. з. ч. 6–3 миӊ жылдык) байыркы аӊчылардын мад-ты. Анын эӊ ири эстеликтери – Туткаул (Дүйшөмбүнүн түш.-чыгышында), Куй-Вульен (Куляб ш-нда) ж-а Кырг-ндын Алай кырка тоосунда. Г. м-на тиешелүү турак жайлар сууга жакын тектирлерде жайланышкан. Асты шыбалган үй, а. и. очоктордун калдыктары, оттук таш тегинен жылмаланып жасалган балта, о. эле кыргыч, бычак сымал одоно жасалган таш куралдар табылган. Бул учурда жаӊы куралдар м-н бирге архаикалык, төмөнкү таш дооруна мүнөздүү куралдар колдонулган. Эл негизинен аӊчылык кылып, мал баккан. Дыйканчылык кылгандары да болгон.