ВЕРДЕН КЕЛИШИМИ (843)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРД́ЕН КЕЛИШИМИ (843) Улуу Карлдын неберелеринин ортосунда анын империясын бөлүштүрүү ж-дө түзүлгөн. В. к. б-ча император титулун алган Лотарга Италия, Рейн м-н Ронанын боюндагы жер (Лотарингия) тийген; Кашка баш Карлга Рейндин батышындагы жерлер – Батыш Франк королдугу, Людовик Немецкийге Рейндин чыгыш жагындагы жерлер – Чыгыш Франк королдугу тийген. Келишим б-ча Франк мамлекетин бөлүү калыптанып жаткан француз, италян ж-а немец элдеринин чек араларына шайкеш келген да, 3 ири мамлекеттин (Франция, Германия, Италия) түзүлү-шүнө алып келген.