ГЕНЕРАЛИССИМУС
ГЕНЕРАЛИ́ССИМУС (лат. generalissimus – эӊ башкы) – бир катар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү аскердик жогорку наам. Алгач 1569-жылы Францияда киргизилген. Ал согуш мезгилинде бир нече, көбүнчө союздаш армияларга командалык кылган кол башчыларга, кээде падыша үй-бүлөсүнүн бирине ж-а мамлекеттик ишмерлерге берилүүчү ардактуу наам. Россияда Генералиссимус болгон аскер башчылар: А. С. Шеин (1696-ж. Пётр I берген), А. Д. Меньшиков (1727), Антон Ульрих Брауншвейгский (1740), А. В. Суворов (1799). Советтер Союзунун Генералиссимусу деген наам берүү жөнүндө СССР Жогорку Совети 1945-жылы 26-июнунда Указ чыгарып, 1945-жылы 27-июнда И. В. Сталинге Генералиссимус наамы берилген. Дүйнөдө бардыгы болуп Генералиссимус наамы же мааниси боюнча ага жакын (мисалы түрктөрдө сердарэкрем) наам 70тен ашык адамга ыйгарылган. 20-кылымда Генералиссимус наамы Ф. Франко (Испания), Чан Кайши (Кытай) 1992-жылы Ким Ир Сен (КЭДР) ж. б-га берилген.