БЕЙРУТ
БЕЙРУ́Т – Ливан Республикасынын борбор шаары. Жер Ортолук деӊиздин чыгышындагы дөӊсөөлүү жарым аралында жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2021). Бейрут – ири порт; темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту, текстиль, тамак-аш, булгаары, металл иштетүү өнөр жайы бар. Сыртка цитрус мөмөлөрүн, алма, зайтун майын, пилла, жүн чыгарат. Мамлекеттик, америкалык, француз жана араб университеттери, музейлер бар. Б. з. ч. 18-кылымдан (башка маалымат боюнча 15-кылымдан) Берит, Берута деген ат менен белгилүү) Финикиянын соода борбору жана порту, эллада – рим доорунда ири соода, кол өнөрчүлүк борбору катары эскерилет. 7-кылымда Араб халифатынын курамына кирген. 14–15-кылымдарда египеттик мамлюктардын ээлиги болгон. 1516–1918-жылдары Осмон падышалыгынын курамында. 1920–43-жылдары Франциянын мандат менен башкаруусуна ээ. 1943-жылдан көз каранды эмес Ливандын борбор шаары. Өлкөнүн финансы чордону. Финикия, Рим, Византия курулмаларынын, мечиттердин (Жами аль-Омари, 13-кылым; «Дворцовая», 16-кылым) калдыктары сакталган. 1982-ж. Израилдин агрессиясынын натыйжасында көп жери кыйроого учураган.
