ГАЛИ
ГА́ЛИ Бутрос (14.11.1922, Египет, Каир – 16.2.2016, ошол эле жерде) – египеттик дипломат, саясий ж-а мамлекеттик ишмер. БУУнун Генералдык секретары (1992–96). 1977–91-жылдары Египеттин тышкы иштер

министри, 1991-жылдан премьер-министрдин эл аралык маселелер боюнча орун басары. Президент А. Садаттын кеӊешчиси катары Египет-Израиль жаӊжалын жөнгө салуунун демилгечиси катары чыккан. Россия ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1994).