БИРИНЧИ МАЙ (Бакай-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Орос айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 28 км түн.-батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 80 км. Деӊиз деӊг. 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 2452 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.