ГОПАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 3 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОПА́К (украинче гоп – бийлөө учурунда күчтүү сезим менен айтылуучу сөз) – украин эл бийи, көбүнчө эркектер бийлейт. Гопактын ыр түрүндөгү жана аспаптык обондору музыкалык пьеса катары да аткарылат. Гопактын жанры көптөгөн орус жанаа украин композиторлорунун чыгармаларында пайдаланылган. Мисалы, Н. Римский-Корсаков «Май түнү», М. П. Мусоргский «Сорочинцыдагы жарманке», П. И. Чайковский «Мазепа» операларында; В. Соловьёв-Седойдун «Тарас Бульба», А. И. Хачатуряндын «Гаянэ» балеттеринде жана симфониялык чыгармаларда, камералык, вокалдык музыкада пайдаланган.

Украин гопагы – «Шыктандыруу» хореографиялык ансамбли.
Согуш гопагы. Дүйнөдөгү таң каларлык согуш өнөрүнүн бири.
Бүт дүйнөгө таанылган украиндердин белгилүү эстрадалык гопагы.
«Украин шопагы», сүрөтчү Н. Д. Горшковдун картинасы, 1923-жыл.