ГРАН-ПРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 27 Май (Бугу) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАН-ПРИ (фр. Grand Prix – чоӊ сыйлык, баш байге) – фестиваль, конкурс жана башкадагы жогорку сыйлык. «Ак кеме» фильми (режиссёру СССР эл артисти Б. Шамшиев) 9-бүткүл союздук кинофестивалдын Гран-присин жеӊип алган. 2006-жылы Бишкекте өткөрүлгөн «Нооруз» театр фестивалынын Гран-при сыйлыгы «Учур» телетеатрынын «Жаабарс» спектаклине (режиссёру Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Сарлыкбеков) ыйгарылган. «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын 1-тому республикалык китеп конкурсунда (2007) Гран-приге татыктуу болгон.