ГРИГ Эдвард

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИГ Эдвард (15. 6. 1843, Берген, Норвегия – 4. 9. 1907, ошол эле жер) – норвег композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Норвег композиторлор мектебинин ири өкүлү. 1862-ж. Лейпциг консерваториясын бүтүргөн. Дания композитору Н. Гадеден таалим алган. 1866-жылдан Кристианияда (Осло) жашап, филармония коомунун концертине дирижёрлук кылган. Ю. Свенсен м-н бирдикте Муз. академияны ж-а муз. коомун (азыр Филармониялык коом) уюштурган. Француз

(1889), Кембриж (1893), Оксфорд (1906) ун-ттеринин музыка б-ча доктору ж-а Берлин академиясынын ардактуу доктору (1897). Г. өз өлкөсүнүн жалындуу патриоту, таланттуу ырчысы болгон. Ата мекен темасына байланыштуу чыгармаларды жазып, норвег элинин муз. фольклорун түп тамырынан бийиктикке көтөргөн. Ал дүйнөгө таанымал болгон 2 сюитаны (Г. Ибсендин «Пер Гюнт» драмасына), фортепьяно ж-а оркестр үчүн концерттерди, скрипка м-н виолончель үчүн концерттерди, скрипка м-н виолончель үчүн сонаталарды, норвег темаларына симф. бийлерди жазган. Берген ш-нда анын эстелиги коюлган. Ад.: Финдейзен Н. Эдвард Григ. Очерк его жизни и музыкальной деятельности. СПБ; М., 1908; Левашёва О. Эдвард Григ. М., 1962.