ГЕОГРАФИЯЛЫК СОЮЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОГРАФИЯЛЫК СОЮ́З э л а р а л ы к – дүйнө географтарынын эл аралык уюму. 1922-ж. негизделген. Эл аралык Г. с-га 90дон ашуун мамлекет мүчө. Г. с-дун максаты: географиянын проблемаларын изилдөөгө көмөктөшүү (айрыкча эл аралык көмөктөшүүнү талап кылган суроолорду чечүү б-ча); алардын ил. Талкуулоосун камсыз кылуу ж-а жыйынтыгын басып чыгаруу; эл аралык ж-а региондук конф-яларды өткөзүү; конгресс арасында эл аралык Г. с-дун милдетин аткаруучу комиссиянын курамын бекитүү ж. б. Г. с-дун башкаруу органдары мүчө өлкөлөрдүн улуттук делегацияларынын башчыларынан шайланган Генералдык ассамблеядан (4 жылда бир жолу конгресс учурунда чогулат), аткаруу к-тинен (президент, вице-президент ж-а генералдык катчы) турат. Генералдык ассамблея дайындаган аткаруу к-тине Эл аралык Г. с-дун иш-чаралары ж-дө маалымат жөнөтүлөт. Эл аралык Г. с-га Эл аралык картография ж-а Эл аралык төртүнчүлүк доорду изилдөө ассоциациялары кошулган. Эл аралык Г. с-дун демилгеси м-н «Бюллетень» (жылына 2 номур) жарык көрүп турат. Анда конгресстер м-н конф-ялар ж-дө маалымат, комиссиянын иши ж-дө көрсөтмөлөр, Эл аралык картография ассоциясынын маалыматтары көрсөтүлөт. Эл аралык Г. с. комиссиялары географиянын жаӊы актуалдуу багыттарынын өнүгүшүнө көмөктөшөт (өнөр жай ж-а улуттук отурукташуу системалары, айыл чарбанын өнүгүүсү ж. б.), жаӊы ыкмаларды пропагандалап (системалык анализ ж-а матем. моделдештирүү, геогр. маалыматтарды топтоо ж-а колдонуу), Эл аралык мүнөздөгү ыкмаларды камтыган көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат (геоморфологиялык съёмка ж-а картага түшүрүү), о. эле геогр. терминологияны унификациялайт.
Н. Алымкулова.