ВЕРСАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРСА́ЛЬ , В е р с а й – Франциядагы шаар, Париждин түш.-батыш тарабынан орун алган. Ивелин департаментинин адм. борбору. Калкы 84,2 миӊден ашуун (2015). Темир жол бекети. Людовик XIVнүн тушунда курулуп, кийин анын

Версаль. Парк жана ак сарай ансамбли (аэрофотосүрөт) Башкы резиденциясы (1682-жылдан 1789-ж. чейин) болгон. В-да Версаль тынчтык келишимдерине [Жети жылдык (1756–63-ж.) ж-а Түн. Американын көз карандысыздыгы үчүн (1775–83) согуштарды, 1-дүйнөлүк согушту (1914–18) жыйынтыктаган] кол коюлган. 1940-ж. фашисттик немистик армия басып алып, 1944-ж. бошотулган. В. арх-ралык ж-а көркөм сүрөт искво эстеликтери аркылуу дүйнөгө таанылган. Шаар Людовик XIIIнүн чакан аӊчылык чебинен (17–18-к-да) зор ак сарай-парк ансамблине айланган. Ак сарайдан туш-тарапка жолдор кетет. Ири парктар жайгашып, алар фонтандар, статуялар м-н кооздолгон. Белгилүү живописчилер, скульпторлор, жыгач усталар ак сарай

Версаль сарайынын күзгүлүү г а л е р е я с ы. 1678–86. Арх. Жюль Ардуэн-Мансар, Ш. Лебрендин живопистик панносу. дын бөлмөлөрүн өзгөчөлөнтүп кооздошкон (Посол тепкичи, Күзгүлүү гал., Тынчтык залы ж. б.). Парктагы белгилүү курулуштардын бири – Чоӊ Трианон ж-а Кичи Трианон ак сарайлары. Резиденциянын айланасында король мекемелери, ири курулуштар орун алган. В-дагы арх-ралык ансамбль классицизм мүнөзүндөгү курулуштар м-н айкалышып, Европа өлкөлөрүнүн шаар курулушуна ж-а парк иск-восунун өнүгүшүндө чоӊ таасир тийгизген. 1830-ж. В. ансамблдери Улуттук музей статусуна ээ болгон. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Собор, чиркөө, ун-т, жогорку мектептер (көркөм искво, арх-ра, ландшафт дизайны), ин-т (парфюмерия- косметика өнөр жайы үчүн адистерди даярдайт), театр, музей бар. Туризм борбору. Ад.: Алпатов М. Архитектура ансамбля Версаля. М., 1940.