ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОКОСМОСТУК КООПСУЗДУК – Жер шарын, адамзатты ж-а биосфераны космостук табигый таасирден (астероид, комета ж.б-дан) ж-а космостогу антропогендик иш-аракеттен пайда болгон коркунучтан сактоо чараларынын жыйындысы. Биринчи жолу космостук апаат коркунучу ж-дө космонавтика теориясынын негиздөөчүсү К. Э. Циолковский айтып чыккан. Бирок, бүгүнкү күндө космосту тереӊ өздөштүрүүгө караганда биосфераны ж-а Жер планетасынын өзүн астероид м-н кометалардын түшүүсүнөн сактоо курч маселеге айланууда. Диаметри 2 км ж-а андан ашык асман телосунун түшүүсү глобалдык, 0,5–2 кмге чейинкиси региондук, ал эми 0,5 кмден кичинеси – локалдык деӊгээлдеги (Тунгус, 1908; Сихотэ-Алинь, 1947) апаатты жаратышы мүмкүн. Ушундай апаатты пайда кыла алчу миӊдеген астероиддер Жерге жакын учуп жүрөт. Адамзатка ж-а биосферага коркунуч туудурган мындай асман телолорун ядролук ракеталар м-н атуу аркылуу бир нече миӊдеген км бийиктиктен жок кылууга, о. эле астероиддердин учуу орбитасын өзгөртүү ж. б. ыкмалар м-н коркунучту азайтууга болот. Астероиддерден сактануу азыркы учурдун маанилүү маселелеринин бири.
Б. Үсөнканов.