ГУЛАГ
ГУЛА́Г (Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключений), Э м г е к-т ү з ө т ү ү л а г е р л е р и н и н, э м г е к п о с е л е н и е л е р и н и н ж а н а к а м о о о р у н д а р ы н ы н б а ш к ы б а ш к а р м а л ы г ы – СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК, НКВД) эмгек түзөтүү лагерлерин (ЭТЛ) тескеп келген бөлүмү (1934–56). ГУЛАГдын Атайын башкармалыктарына өлкөнүн Караганды, Соловецк, Беломор-Балтика, Воркута, Норильск ж. б. көптөгөн аймактарында жайгашкан ЭТЛдер (56дан ашык) караган. Лагерлерде кылмышкерлер эле эмес, саясий репрессиялардын курмандыктары – «эл душмандары» да мөөнөтүн өтөшкөн. 1956-ж. чейин ГУЛАГдын лагерлеринде 22 млнго жакын адам жаза мөөнөтүн өтөгөн. Лагерлердин тургундары адам чыдагыс оор шарттарда кармалып, режимди бузгандар катуу жазаланып турган. Камалгандар Ы. Чыгышта ж. б. аймактарда жолдорду, каналдарды, көпүрөлөрдү, өнөр жай объектилерин курууда бекер иштеген. Ачарчылыктан, шарттын оордугунан ж-а оорулардан миӊдеген адамдар курман болгон. А. И. Солженицындын Совет мамлекетиндеги массалык репрессияларды, лагерлердеги абалды чагылдырган «ГУЛАГ архипелагы» (1973) романы чыккандан кийин «Г.» термини тоталитардык режимдин символуна айланган.