ГЕОСФЕРАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОСФЕРАЛАР (гео.. ж-а сфера) – Жердин агрегаттык абалы, физ. касиеттери ж-а хим. курамы б-ча айырмаланган, борборлошкон, бүтүн же үзгүлтүктүү катмарлары (кабыктары). Жердин четинен борборун көздөй магнитосфера, атмосфера, гидросфера, литосфера, мантия ж-а Жердин борб. бөлүгү – ядро бөлүнөт. Мындан тышкары Г-га жер бетинде тиричиликти жайылткан ж-а атмосферанын төмөнкү, литосферанын жогорку бөлүгүн, бүт гидросфераны камтыган биосфера, о. эле спецификалык түрдө географиялык
кабык кирет, к. Жер.
Ы. Токторова.