ГЕОХИМИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР
ГЕОХИМИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР – тоо тектер м-н минералдардын, о. эле аларды пайда кылган эринди м-н эритмелердин хим. курамынын өзгөрүү абалы. Г. п-дин натыйжасында элементтер алмашат, бирөөлөрү азайып, экинчиси көбөйүп, алар жер кыртышында дайыма жылып турат (миграция). Тоо тек же минерал пайда кылуучу материал адегенде белгилүү бир хим. курамда болот. Тоо тек пайда болгондо материал башка шартка өтөт да, курамы өзгөрөт. Кийин геол. түрдүү шарттарга туш келип, туруксуз элементтер физ. ж-а хим. жактан өзгөрөт, тоо тек же минерал алгачкы курамынан дагы айырмаланат. Мындай процесс тынымсыз, узак убакыт бою акырындык м-н жүрө берет. Г. п. геологияга чейинки же планеталык, эндогендик, экзогендик ж-а метаморфогендик процесстерге бөлүнөт. Г е о л о г и я г а ч е й и н к и Г. п. Жердин асман телосу катары пайда болушуна байланыштуу процесстерди камтыйт. Мында космостук чаӊ м-н метеориттердин эсебинен Жердин хим. курамы өзгөрөт. Э н д о г е н д и к Г. п. үстүнкү мантияда магманын эришинен башталат. Магма темп-ра ж-а басымдын өзгөрүшү (төмөндөшү) м-н ар түрдүү татаал дифференциацияга (ликвация, кристаллдануу ж. б.) туш болуп, андан хим. курамы, структурасы ж-а бир эле минералдан өлчөмү ар түрдүү тоо тектер ж-а кендер (кенташтар) пайда болот. Адегенде (600– 800°С) ультранегиздүү ж-а негиздүү тоо тектер (дунит, перидодит, пироксенит, габбро ж. б.) пайда болуп, аларда Fe, Cr, Ti, Pt ж. б. кенташтар топтолот. Бул элементтердин бөлүнүп кетишинен кийин магма кычкылданып, диориттерди бөлөт. Андан кийин магма Si, Al, Na, F, Н, В ж. б. м-н байып, кристаллданган (700°С) граниттер ж-а пегматиттер келип чыгат. Газ элементтер (Н, Сl ж. б.) мурда каткан тоо тектерге таасир тийгизип, автометаморфизм сыяктуу метасоматоздук процесстерге дуушар кылат. Ошону м-н катар сейрек металлдардын топтолушу жүрөт. Акырында магмадан бөлүнүп чыгып, сууп калган буу, газ ж-а ысык суулар (50°–550°C), скарн, грейзен ж-а пневматолит – гидротерм. кендерин (Cu, РЬ, Au, Ag, Zn, Sn, W, U ж. б.) пайда кылат. Э к з о г е н д и к Г. п-ге же жер бетиндеги тоо тектердин организм, суу ж. б-дын таасири м-н (окистенүү, карбонаттануу ж. б.) үбөлөнүп бузулушунан алардын хим. кypaмынын бир түрдөн экинчи түргө өтүү процесстери кирет. Үбөлөнгөн тоо тектердин күкүмдөрү ж-а эриндилери суу м-н деӊиз-океандарга агып келет да, хим. дифференциацияга дуушарланат. Адегенде жээкте бокситтер, андан ары темир, марганец кен таштары, фосфориттер, алардан кийин акиташ теги ж-а доломиттер чөгөт. Бул чөкмөлөрдүн хим. кypaмынын aндaн аркы өзгөрүшү диагенез, эпигенез, биогенез ж. б. процесстердин натыйжасында болот. М е т а м о р ф о г е н д и к Г. п-дин натыйжасында тоо тектердин хим. курамы өзгөрүп, алар метаморфизмделген башка түрдөгү тоо тектерге айланат (к. Метаморфизм).