ГЕРАСИМОВ Александр Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ГЕРАСИМОВ 1 to ГЕРАСИМОВ Александр Михайлович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРА́СИМОВ Александр Михайлович [31. 7(12.8). 1881, Тамбов облусу., Козлов шаары (азыркы Мичуринск) – 23. 7. 1963, Москва] – живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1943), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1945). СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947), искусство таануу илимдеринин доктору (1951). Москвадагы живопись жана архитектура окуу жайында окуган (1903–1915). 1947–1957-жылдары СССР Сүрөт академиясынын президенти. Негизинен пейзаждык сүрөттөрдү, кийин көбүнчө портрет тарткан. 1929–1930-жылдары «Ленин трибунада» деген чыгармасын жараткан. Негизги чыгармалары: «Үч ат чегилген араба. Кышкы жол» (Третьяков галереясы, 1912), «Жаандан кийин» (Третьяков галереясы, 1935), «И. В. Сталин жана К. Е. Ворошилов Кремлде» (1938, Третьяков галереясы), О. В. Лепешинская (1939) менен

А. М. Герасимов. Советтик карыя сүрөтчүлөр
И. Н. Павлов, В. Н. Башеев, В. К. Бялыницкий-Бирули,
В. Н. Мешковдун портрети. 1944. Третьяков галереясы (Москва).

И. И. Фисановичтин портреттери (Третьяков галереясы, 1942), «Мончо» (1940), «Октябрга арналган гимн» (1942) жана башкалар. Ленин ордени жнаа медалдар менен сыйланган.

Герасимов Александр Михайлович, виртуалдык орус музейи.


Ад.: Осипов Д. М. А. Герасимов. М., 1981; А. Герасимов: Альбом. М., 1988.