ГЕРЕЙ-ШОРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРЕЙ-ШОРОН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 32 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. Калкы 2479 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, бала бакча, амбулатория ж. б. бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Сатыбалдиев туулган.