ГИДРАВЛИКАЛЫК ТУРБИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРАВЛИКАЛЫК ТУРБИ́НА, г и д р о т у р б и н а, с у у б а р а с ы – калагы суюктук, көбүнчө дарыя агымынын күчү м-н айлануучу машина. Г. т. иштөө принциби б-ча активдүү (эркин агымдуу) ж-а реактивдүү (басым агымдуу), констр-сы б-ча тик ж-а горизонталдуу болуп айрымаланат. Ири Г. т-нын жумушчу дөӊгөлөгүнүн диаметри 10 мге жетип, кубатуулугу 500 МВттан жогору болот. Активдүү Г. т-нын ичинен сузгучтуу турбина кеӊири таралган. Реактивдүү Г. т. агымынын багыты б-ча октук ж-а радиалдык октук болуп бөлүнөт. Бир жолу жөнгө салынуучу реактивдүү гидротурбинага калагы бурулуучу багыттоочу аппараттуу турбина кирет. Эки жолу жөнгө салынуучу Г. т-да багыттоочу аппаратта ж-а жумушчу дөӊгөлөктө бурулуучу калактар жайгашкан. Г. т. Негизинен ГЭСтерде электр генераторлорун кыймылга келтирүү үчүн колдонулат.