ГИДРОТЕХНИКАЛЫК БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК БЕТО́Н – дайыма сууда турган же мезгил-мезгили м-н суу каптап туруучу курулуштарды ж-а алардын кээ бир бөлүктөрүн курууда колдонулуучу бетон; оор бетондун бир түрү. Г. б. суунун агрессивдүү аракетине каршы туруктуулугу, суу өткөрбөстүгү, суукка чыдамдуулугу, катууланууда жылуулукту аз бөлүп чыгарышы м-н мүнөздөлөт. Г. б-дун сапаты ар кандай кошулмаларды кошуу м-н жогорулатылат. Г. б-ду даярдоо үчүн портландцемент ж-а анын түрлөрү, толтургучтар катарында кум, шагыл, көлөмү 150 ммге чейин ж-а андан чоӊураак таштар пайдаланылат.